Элимдин салтын сактаймын

Апалар салган ак жоолук,
Ата - бабам салты да.
Ак калпак менен ак жоолук,
Бабалардын наркы да.

       Мен да жоолук салынып,
       Элимдин салтын сактаймын.
       Улууга дайым жугунуп,
       Кыргыздын наркын барктаймын.

Ак жоолукту салынсам,
Ажарым ачат жарашып.
озумо озум суктанып,
Кузгуну карайм назданып.

       Апалар салган ак жоолук,
       Карытсын далай кылымды.
       Кийинки муун келиндер,
       Сакташсын элдик ырымды.

Айнура Бекболотова
Москва ш.
02.02.2024-ж.


Рецензии