Мончоктой тизе берем

 

Астымда туйлап турган аргымакты,
Саяпкер *Турмуш* берген, озу таптап.
Суутуп, кээде камчы жонго тартып,
Баратам кун, айларды жылга саптап.

Мончоктой чачыраган кундорумду,
Чогултуп, бирден тизем жыл толуктап.
Кылчайып артка карап кээ кунумду,
Табалбай бушайманмын конултактап.

Койгомун чон максатты, изги тилек,
Уроймун болгон кучум аянбастан.
Мен качан оз марама жетип келем?
Корогоч *Турмуш* кеп сал аянындан.

Жолумду кыскартайын ырга токуп,
Эргуулор келип турсун  кыялыма.
Кулугум кара жолдо ташыркаба,
Кагылган болот така туягына.

Эсепчи *Турмуш* сага ыраазымын,
Жашыма жашты кошуп жатканына.
Окунбойм, тизе бугуп ийилемин,
Жаштыкты буурул чачка катканына.

Жылдардын катмарында орлоп улам,
Кынаптап кунду, айды улай тизем.
Шооналап, таптап, ырдан жипти ийирип,
Саймалап, токуй берем ырдан килем.

Айнура Бекболотова
   Москва ш.
      Свиблово м.
     08.08.2023-ж.
        3:33


Рецензии