Венага суктануу

Европанын байыркы Вена шаары,
Кочодо гулдор жайнап осуп турат.
Мелтиреп кочолору акак таштан,
Уйлордун уламышы кызыктырат.

Элдери мээрим менен жылмайышып,
Каада - салтын сакташып урматтаган.
Тартиби тан калтырган барган элди,
Сыпайы, жайдар муноз ызаттаган.

Бапестеп, остурушкон жузум багын,
Данкталган винолору туру менен.
Ар жылда майрамдашат вино кунун,
Хойригер ырын ырдап, бий бийлеген.

Айкелдер алтын, кумуш, топурактан,
Байлары кооздогон Вена шаарын.
Урпакка калтырышкан мурас кылып,
Салышып ак сарайды, турдоп баарын.

Музыканын ак ордосу жер шарында,
Бах, Бетховен Штраус, Шуберт чыккан.
Сонатасын элдер суйуп, ойноп келет,
Танданып чыгармасын кызуу уккан.

Суротчулор тарткан укмуш суротторду,
Айкелчи чыгармага онду берген.
Ала - Тоодон келген элем коруу учун,
Сулуулугу  сезимдерге эргуу берген.

Вена шаары мага да жагып калды,
Кайрадан мен келууго шашыламын.
Жашай бер туболуктуу Вена шаары,
Таасиринди бир алууга ашыгамын.

Айнура Бекболотова
20.10.2018 - ж.
Австрия - Вена шаары


Рецензии