Эл бийлеген билгилерё
Олуйя-оюн топтойт кылымдарга,
Кеменгер – жолду табат кыйын жайда.
Кёсёмдер кёрё билип эртенкисин.
Билгилер из калтырат муундарга.
Билгилер сёз баштаса – ой топтолот,
Билгилер кёч баштасы – эл козголот.
Кеменгер жоо бетине аттанганда,
Бабалар Ата Журтка баш кёз болот.
Билгилер сёз баштаса – ой топтолот.
Билгилер кёч баштаса – эл козголот.
Жоокерлер кан майданга аттанганда,
Жубайлар алсыздарга баш-кёз болот.
Биз элбиз Кыргыз – деген кылым ашкан.
Биз журтпуз эртенкиге умут арткан.
Туу тутуп Ала-Тоону, хан Манасты,
Тенирге тобо кылып келе жаткан.
Кыргыз эли мин жылдарды карыткан.
Кыргыз журту узак жолду арыткан.
Туу тутуп Ала-Тоону, хан Манасты,
Кудайдан ыйман сурап келе жаткан.
ОРМОН ШАРШЕНОВ
Свидетельство о публикации №115022409709